Бишкек, 31.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 21 миң 667 адам эмдөөдөн өттү, деп билдирет Республикалык штабдан.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 20 миң 366 адам вакцинанын биринчи дозасын, 1 миң 301 адам экинчи дозасын алган.
Өлкө боюнча COVID-19га каршы вакцинанын биринчи компонентин жалпы 433 миң 555 адам, 116 миң 144 адам экинчи компонентин алды.
Пикир
Оставить комментарий