• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда бир суткада дээрлик 27 миң адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 24 саатта коронавируска каршы 26 миң 991 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 8 миң 556 адам эмдөөдөн биринчи компонентин, 18 миң 435 адам экинчи компонентин алды.

Өлкө боюнча жалпы 806 миң 547 адам эмдөө алган, анын ичинен 571 миң 656 адам биринчи доза менен, 234 миң 891 адам экинчи доза менен эмделген.

Пикир

Оставить комментарий