• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 427 адамдан табылып, 6 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 427 адамдан табылып, 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 179 адамдан, Ош шаарында – 17, Чүй облусунда – 94, Ош облусунда – 36, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 35, Жалал-Абад облусунда – 23, Баткен облусунда 28 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 496 адам коронавирустан айыгып чыккан. “Бишкекте – 137, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 74, Ош облусунда – 53, Талас облусунда – 24, Нарын облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 64, Жалал-Абад облусунда – 64, Баткен облусунда 54 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 6 адам каза болгон: Бишкекте – 5 адам, Ош облусунда – 1 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 861 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 832 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 16 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 3, стационардан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 858 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 568 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 71 миң 171 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 62 миң 544 киши айыгып чыкса, 1 миң 251 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий