• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Кыргызстанда бир жумада 188 мас айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 07.10.2024. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 30-сентябрдан 6-октябрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 19 миң 51 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 509;
  • мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 188;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу– 46;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 599;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 328;
  • авто ээнбаштык – 11;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 миң 748;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 600;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 834 авто унаа айып короо жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий