Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылдын 16-декабрдан 22- декабрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 16 миң 673 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 473;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 208;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 45;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 151;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 030;
- авто ээнбаштык – 28;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2 720;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 016;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 180 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.
Пикир
Оставить комментарий