• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда бир жумада 21 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Коом 0

Бишкек, 09.09.2024. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 2-сентябрдан 8-сентябрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 20 миң 858 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 482;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 249;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу– 57;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 392;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 157;
  • авто ээнбаштык – 8;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 миң 492;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 1;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 миң 20;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 миң 222 авто унаа айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий