Кыргызстанда бир жумада 23 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда 24-июндан 30-августка чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 23 миң 161 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 291;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 219;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 59;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1112;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 754;
  • авто ээнбаштык — 42;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 5 059;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 2;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 12 623;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 544 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББгы бардык айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий