• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстанда бир жумада 300гө жакын мас айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылдын 23-декабрынан 29-декабрына чейин 17 миң 447 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 500;
  • мас абалында унаа башкаруу – 293;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 69;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 402;
  • унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 886;
  • авто ээнбаштык – 8;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 464;
  • жалган мамлекеттик номери менен унаа башкаруу – 4;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9 821;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 964 унаа айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий