• 87
  • 91.29
  • 0.84

Кыргызстанда бир жумада дээрлик 16 миң жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир жуманын ичинде 15 миң 887 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу – 3524;
- автоунаанын тиешелүү документи жок – 161;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 4394;
- автоээнбаштык – 3;
- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 506;
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 81;
- жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6172;
- айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 24;
- мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 215.

Унаа токтотуучу жайга 927 автоунаа токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий