• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстанда бир жумада эреже бузган 2 миңден ашык унаа айып короого токтотулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Кыргызстанда 25-ноябрдан 1-декабрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 20 миң 57 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 858;
  • мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 253;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 74;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 369;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3261;
  • авто ээнбаштык – 3;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 594;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 014;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2022 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий