• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 259 айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Кыргызстанда 26-августтан 1-сентябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 22 миң 769 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 645;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 259;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 72;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 522;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 672;
  • авто ээнбаштык – 13;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 881;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 711;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 634 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий