• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда бир жумада СOVID-19 инфекциясынын 10 учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда 17-апрелден 24-апрелге чейин СOVID-19 инфекциясынын 10 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, ооруга чалдыккан 10 адамдын төртөө ооруканага жаткырылган.

“Тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2022-жылга жана 2023-жылдын 114 күнүнө карата жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 22 128 учуру катталды, анын ичинен 20117 (91%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Пикир

Оставить комментарий