• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Эмгек министрлиги: 224 бала 115 фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда

Коом 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда 1-июнга карата 224 бала 115 фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 1-июнунда карата 97 фостердик үй-бүлөдө 188 бала тарбияланган. Ошентип, өткөн жылга салыштырмалуу кароосуз калган балдардын саны 20%га көбөйгөн.

Белгиленгендей, фостердик үй-бүлөгө дагы 45 талапкер министрликтин аймактык бөлүмдөрүндө окуу үчүн каттоодо турат.

Пикир

Оставить комментарий