Кыргызстанда биринчи жолу 8 камералуу жогорку сапаттагы HD көчмө телестанциясы ишке кирет

Коом 0

Бишкек, 13.11.17 /Кабар/. Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) берүүлөрүн медиа айдыңдын жаңы эрасына өтүп жатып, Сиздерди өлкөдөгү маанилүү иш-чаранын бирине катышууга чакырат. Бул тууралуу аталган телеканалдн билдиришти.

Жакында Кыргызстанда биринчи жолу 8 камералуу жогорку сапаттагы HD 16:9 форматтагы көчмө телестанция (ПТС) ишке кирет.

Көчмө телестанциянын бет ачары КТРКда 2017-жылдын 14-ноябрь күнүсаат 11:00до башталат.

Урматтуу ММК өкүлдөрү жана журналисттер Сиздерди аталган маанилүү иш-чаранын ачылышын чагылдырууга чакырабыз.

Бет ачар КыргызРеспубликасынын премьер-министри Сапар Исаковдун катышуусунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий