• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда биринчи жолу кёрлинг боюнча өлкө чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Бишкекте 30-мартта биринчи жолу кёрлинг боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Биринчилик үчүн төрт команда ат салышты: Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын.

Чемпионаттын жыйынтыгында Ысык-Көл командасы кёрлинг боюнча Кыргызстандын алгачкы чемпиону аталды. Экинчи орунга Нарындын командасы татыса, үчүнчү тепкичке Чүй командасы жайгашты.

Жеңүүчүлөргө кубок, чемпиондук медаль жана федерация тарабынан баалуу сыйлыктар тапшырылды.

1-орун — Ысык-Көл облусу

  • Исхак Абыкеев
  • Эльмара Асангалыева

2-орун — Нарын облусу

  • Тунук Сексенова
  • Адил Жанбосунов

3-орун — Чүй облусу

  • Керемет Асанбекова
  • Амина Юсупова

4-орун — Жалал-Абад облусу

  • Бексултан Мырзабаев
  • Үмүт Бектурганова.

Пикир

Оставить комментарий