Кыргызстанда биринчи жолу мамлекеттик деңгээлде археологиялык экспедициялар башталды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын тарыхын изилдөө боюнча "Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программасы өз ишин баштады.

Белгией кетсек, президент Садыр Жапаров 2022-жылдын аягында "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" жарлыгына кол койгон. Жарлыктын максаты — Кыргызстандын эли үчүн уникалдуу баалуулук болгон тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу болуп саналат.

Жогорудагы жарлыктын негизинде министрлер кабинетинин токтому менен 2023–2027-жылдарга "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программа иштелип чыккан.

Ага ылайык, республиканын археолог-этнографтарын илимий экспедиция жүргүзүүгө өлкө аймактарына узатуу аземи Кыргыз улуттук тарых музейинде болуп өттү. Узатуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Жалпы археологдордон жана этнологдордон турган 14 изилдөөчүлөр тобу төмөндөгүдөй иштерди жүргүзөт:

  • Чүй облусундагы Курама палеолит доорунун эстеликтерин изилдөө;
  • Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Саймалы-Таш эстеликтери;
  • Дүйнөдөгү көлөмдүү петроглифтердин коллекциясы жайгашкан Саймалы-Таштагы аска таш сүрөттөрүн, эстеликтерин музейлештирүүгө даярдык иштери;
  • Нарын облусунун Нарын районундагы Ак-Торпок айылынындагы сак дооруна таандык көрүстөндөрдү изилдөө иштери;
  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кенкол тибиндеги көрүстөндөрдү изилдөө иштери;
  • Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Булак тибиндеги Кызыл-Кошун көрүстөнүн изилдөө;
  • Нарын облусунун Кочкор районундагы түрк доорунун эстеликтерин изилдөө;
  • Бишкек шаарынын аймагындагы Кузнечная шаар уранды конушун изилдөө;
  • Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красная-Речка конушун изилдөө;
  • Ысык-Көл өрөөнүндөгү Асман шаары пландалган аймагындагы эстеликтерди изилдөө;
  • Ысык-Көл облусунун Жууку өрөөнүндөгү эстеликтерди изилдөө;
  • Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө шаар уранды конушун изилдөө;
  • Баткен облусунун Лейлек районунун археологиялык картасын түзүү;
  • Аймактарда этнологиялык экспедициялар этнологдордун тобу тарабынан жүргүзүлөт.

Кошумчалай кетсек, бул программаны ишке ашырууга президенттин тапшырмасы менен өлкөдө биринчи жолу археологиялык жана этнологиялык изилдөө иштерине ири каражат бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий