• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Кыргызстанда биринчи жолу угуусу начарлар арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт

Спорт 0


Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 2-12-сентябрь аралыгында Кыргызстанда биринчи жолу угуусу начар жана дүлөйлөр арасында эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Дене тарбия жана спорт департаментинин олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциясынын башчысы Мелис Тобокелов билдирди.

Анын айтымында, мелдештер үч категория боюнча - өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында өтөт.

Анын айтымында, учурда Дүйнө чемпионатын өткөрүүгө даярдыктар кызуу жүрүүдө. Кыргызстандын бардык министрликтери жана ведомстволору спорттук иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү көмөктөшүп жатышат.

Өз кезегинде Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жогорку көрсөткүчтөргө ээ спорт бөлүмүнүн адиси Айдин Укенов кошумчалагандай, чемпионатка Армения, Азербайжан, Украина, Казакстан, Иран, Литва, Түркия, Эстония, Өзбекстан, АКШ, Монголия, Болгария, Греция, Куба жана Кыргызстандан 290го жакын спортчунун катышуусу күтүлүүдө.

Ошондой эле, КРнын Сурдолимпиада комитетинин президенти Арам Акапян чемпионатка Кыргызстандан 15 спортчу, анын ичинен 8 спортчу грек-рим күрөшү боюнча, 3 спортчу эркин күрөштөн жана 4 кадет катышаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий