Кыргызстанда бош жумуш орундар жарманкесине 23 миңден ашык адам катышты

Коом 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстанда бош жумуш орундардын жарманкелерине 23 миңден ашык адам катышты. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова ЖИА бизнес-ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошов менен болгон жолугушууда билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, жыйынга ошондой эле бирикменин өкүлдөрү – директору Жээнбай уулу Аззамбек жана юридикалык бөлүмдүн башчысы Бакыт Сартмаметов катышты.

"Быйыл өлкө боюнча ишке орноштуруу кызматтары тарабынан жумушсуз жарандар, биринчи кезекте жаштар үчүн 100 бош жумуш орун жарманкеси уюштурулду. Ага 1,2 миң иш берүүчү жана 23 миңден ашык жаран катышты", - деди министр.

Гүлнара Баатырова бош орундардын жарманкелерин өткөрүүгө Бизнес Ассоциациясынын кошкон салымын белгиледи.

Жолугушууда калкты иш менен камсыз кылуу жаатында жана курулуш тармагында мындан аркы кызматташуунун багыттары талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий