• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда быйыл 660 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Коом 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылдын 11 айында 660 чакырым жолго асфальт-бетон төшөлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, план ашыгы менен аткарылды.

“Жалпысынан 2023-жылы 621 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган болсо, иш жүзүндө 660 чакырымга асфальт-бетон төшөлдү. Белгилей кетсек, министрлик тарабынан 2023-жылы автотранспорт тармагын жакшыртуу боюнча бир топ иштер аткарылып, буга байланыштуу көрсөткүчтөр кыйла жогорулады. Салыштырсак, 2021-жылы 230,4 чакырым жолго, ал эми 2022-жылы 498,6 чакырым жолго асфальт төшөлгөн”, - деди ал.

Министр белгилегендей, ошондой эле казынадан бөлүнгөн каражаттын көлөмүнүн көбөйүшү менен жолдор насыя, чет элдик компаниялардын жардамы менен гана эмес, ата мекендик ишканалар тарабынан да курула баштады.

"Мисалы, Ош-Баткен-Раззаков, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолдорунун курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашууда”, - деп жыйынтыктады сөзүн министр.

Пикир

Оставить комментарий