• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстанда быйыл 744 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Экономика 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылы 744 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, соңку жылдары республикалык, эл аралык маанидеги ири жана ички жолдор салынууда. Мисалы 3 жыл аралыгында жалпы пайдалануудагы жолдордун 2400 чакырымында оңдоо иштери жүрдү. Анын ичинде 1910 чакырым жолго асфальт төшөлдү.

2024-жылга республикада 650 чакырым жол салуу планга коюлган. Жыйынтыгында коюлган план ашыгы менен аткарылып, 744 чакырым жол салынды.

Белгиленгендей, жаңы атайын техникалардын алынышы, жол салуу түйшүгүн жоюп, ишти илгерилетти.

Белгилей кетсек, 2022-2023- жылдары мамлекет 750 даана атайын техника сатып алып, анын 297 даанасы алынып келинген. Ал эми алардын 453 даанасы 20-декабрга чейин келүүсү күтүлүүдө.

Маалымат үчүн: Жалпысынан 3 жылдын ичинде жалпы 1250 техника алынды.

Пикир

Оставить комментарий