Кыргызстанда быйыл дагы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы ойнотулат

Коом 0

Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. Министрлер кабинети кайрадан жарандарды контролдук-кассалык чектерди талап кылууга үндөө боюнча акция өткөрөт, деп айтылат "Токтом" маалыматтык-укуктук порталында.

Документтеги маалымат караганда, бул ирет жеңүүчүлөро өз убагында алып кетпегендиктен жокко чыгарылган байгелер ойнотулат.

КР министрлер кабинетинин 2-апрелдеги буйругу менен "Чек талап кылып – байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын жыйынтыгында жокко чыгарылган утуштарды ойнотуу аркылуу жарандарды чек талап кылууга стимулдаштыруу чараларын улантуу максатында жарандардан кассалык машинаны колдонууга милдеттүү субъекттерден кассалык машинанын квитанциясын талап кылууга кызыктыруучу кампания өткөрүү чечими кабыл алынган.

Буга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматына аталган акцияны өткөрүүнүн тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү талабына коюлду.

Пикир

Оставить комментарий