• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Кыргызстанда быйыл дан эгиндеринен рекорддук түшүм жыйналды

Экономика 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. 2024-жылдын 14-октябрына карата республика боюнча дан эгиндери 602,1 миң гектар аянттан жыйналды, бул жалпы аянттын 90,1%ын түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 115,6 миң гектарга көп. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Буудай 235,9 миң га (98,1%) аянттан жыйналды, бул өткөн жылга салыштырмалуу 48,4 миң гектарга көп. Орточо түшүмдүүлүк 29,9 ц/га, бул 2023-жылга салыштырмалуу 5,4 ц/га жогору. Айрыкча жогорку түшүмдүүлүк Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында байкалып, түшүмдүүлүк гектарына 29,0-32 центнерди түзөт. Ал эми дүң жыйым 706,0 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 245,9 миң тоннага көп жыйналды.

Арпа 242,7 миң гектар аянттан (96,8%) жыйналды, бул өткөн жылга салыштырмалуу 48,7 миң гектарга көп. Түшүмдүүлүк 26,0 ц/га болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 3,4 ц/га жогору. Ал эми дүң жыйым 631,5 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 193,5 миң тоннага көп жыйналды. Арпанын эң жогорку түшүмдүүлүгү Чүй облусунда белгиленген – 29,1 ц/га.

Жүгөрү даны 70,7 миң га аянттан (64,2%) жыйналды. Түшүмдүүлүк 70,2 ц/га болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,2 ц/га көп. Дүң жыйым 496,4 миң тоннаны түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 112,9 миң тоннага көп. Эң жогорку түшүм Ош облусунда – 77,9 ц/га.

Ал эми, 47,6 миң га (89,5%) аянттан дан буурчак эгиндери жыйналды. Түшүмдүүлүк 14,7 ц/га болуп, былтыркыдан 1,1 ц/га жогору. Дүң жыйым 70,1 миң тоннаны түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 11,0 миң тоннага көп. Эң көп түшүм Баткен облусунда – 19,3 ц/га.

Картошка 41,0 миң гектардан (61,5%) жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк 168,3 ц/га болуп, былтыркыдан 3,2 ц/га жогору. Ал эми дүң жыйым 687,8 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 50,3 миң тоннага көп жыйналды. Ысык-Көл жана Чүйдө гектарына 181—183 центнерден түшүм алынууда.

Жашылчалардын дүң жыйымы 1309,2 миң тоннаны түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 100,3 миң тоннага көп.

Коон жана дарбыз сыяктуу түшүмдүн дүң жыйымы 329,3 миң тоннаны түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 86,7 миң тоннага көп.

Май өсүмдүктөрү 12,3 миң га аянттан жыйналып, түшүмдүүлүк 11,0 ц/га түзүлүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,0 миң га көп. Дүң жыйым 13,5 миң тоннаны түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,3 миң тоннага көп.

Ал эми кант кызылчасы 4,3 миң гектар аянттан жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк 597,7 ц/га, бул 2023-жылга салыштырмалуу 126,0 ц/га жогору. Ал эми дүң жыйым 257,0 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 130,6 миң тоннага көп жыйналды. Быйыл бул эгиндин түшүмү жогорку деңгээлде.

Пикир

Оставить комментарий