• 86.8
  • 91.76
  • 0.8

Кыргызстанда быйыл жол кырсыктарынын саны 13,1 пайызга азайды

Коом 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 2022-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы менен жол кырсыктарынын саны 13,1 пайызга азайды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыктары эң аз дегенде 50 пайызга азайышы керек. Быйылкы үч ай ичинде 1 миң 366 (2021-жылы 1 миң 572) жол кырсыгы катталып, каза болгондордун саны 110го (2021-жылы 134) жеткен. Ошондой эле 2 миң 79 (2021-жылы 2 миң 345) жаран жол кырсыгынан улам ар кандай жаракаттарды алышкан.

“Айылдык милиция бөлүмчөсүнөн баштап борбордук аппаратка чейинки бардык кызматтарга жол кырсыктарына бөгөт коюну колго алуу тапшырылды. Жол кырсыктарын алдын алуу үчүн авто-мектептерде окутуу процессин өркүндөтүп, айдоочулук күбөлүк алууга келген жарандардан экзамен алууда дыкат карап, алардын арасынан күбөлүк алууга теория жана практика жагынан даяр эместерин аныктап, кайра авто-мектептерге окууга жөнөтүү керектиги эскертилди”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий