Бишкек, 22.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда былтыр 3 миң 148 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын улук офицери Айбек Каниметов радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, былтыр өрт кырсыгы 2023-жылга салыштырмалуу аз катталган. Бирок өрттүн кесепетинен каза болгондордун саны өскөн.
“2024-жылы 47 адам набыт болсо, анын жетөөсү балдар. Материалдык чыгымдын көлөмү 886 млн сомду түздү”, - деди ал.
Ошондой эле ал кошумчалагандай, өрт кырсыктары көбүнчө турак жайларда катталып, электр жабдууларынан келип чыккан өрт 64 пайызды түзөт.
“Өрт электр жабдууларын кароосуз калтыруу же тиричилик техникаларын туура эмес пайдалануу, отту жана химиялык заттарды этиятсыз колдонуудан келип чыгат. Үйдөн чыгып кетип жатканда, бардык электр булагына туташкан жабдууларын сууруп кетүү керек”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий