• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда былтыр мектептерди китеп менен камсыз кылууга 152 млн сом бөлүнгөн

Билим 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Былтыркы окуу жылында жалпы билим берүү уюмдарын окуу-методикалык комплекстер менен камсыздоого республикалык бюджеттен 152 млн сом каралган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражаттын 44 млн 366 миң 929 сому мурда түзүлгөн келишимдердин негизинде аткаруучуга төлөнүүчү сумманын калдыктарын төлөөгө сарпталды. Андан тышкары, “Учкун” басмаканасында 9 аталыштагы китептер (5 окуу китеби, 4 методикалык колдонмо) 53 120 нускада кошумча басылып чыкты. Аларга республикалык бюджеттен 12 млн 102 миң 906 сом жумшалды.

“Ушу тапта басмаканада 1-класс үчүн “Азбука”, “Русский язык” окуу-методикалык комплекстери 375 миң 840 нускада басылып жатат. Аларга республикалык бюджеттин эсебинен 87 млн 878 миң сом жумшалат. Натыйжада 2024-жылы окуу китептер менен камсыздоого республикалык бюджетте каралган каражаттын калдыгы 7 млн 650 миң сомду түзөт. Бул каражат 10-11-класстар үчүн "Аскерге чейинки даярдык" окуу-методикалык комплексин басып чыгарууга сарпталат. Ошентип, 2024-2025-окуу жылына чейин бюджеттик каражаттар 100% өздөштүрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

2023-2024-жылдары министрлик жалпы суммасы 278 млн 306 миң 101 сомго 11 келишим түзгөн.

Министрликтен белгилешкендей, быйыл “Маршалл Кавендиш” басмасынан (Сингапур) 83 млн сомго 32 аталыштагы эл аралык окуу-методикалык комплекстерге лицензия алынды. Натыйжада министрликке караштуу "Окуу китеби" басма үйү бардык класстар үчүн математика, физика, химия, биология, табият таануу, англис тили боюнча окуу китептерин мөөнөтсүз пайдалануу укугуна ээ болду. Учурда аларды англис тилинен кыргыз, орус тилдерине которуу, адаптациялоо иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Эске салсак, 2023-2024-окуу жылында жалпы жонунан 793 миң 440 нускада жаңы китептер басылып чыккан. Бюджеттик каражаттардын эсебинен былтыр 29 аталыштагы китептер (16 окуу китеби, 13 методикалык колдонмо) даярдалды.

Андан тышкары көзү азиз жана көрүүсү начар балдарга билим берген атайын мектептердин 3-6-класстары үчүн 2 млн 238 миң сомго “Англис тили”, 7-8-класстары үчүн “Адам жана коом”, 7-классы үчүн “Физика”, 8-классы үчүн “Химия”, 7-9-класстары үчүн “Информатика” окуу китептери Брайл ариби менен даярдалып, басылып чыкты.

Ошентип, 2023-жылы жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыз кылууга каралган каражаттын 135 млн 728 миң 837 сому (89,3%) өздөштүрүлдү. Жыл аягына чейин өздөштүрүлбөй калган сумма (16 млн 271 миң 162 сом) Финансы министрлигинин Борбордук казынасына кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий