• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Кыргызстанда үч күндө туура эмес жерден өткөн 261 жөө адамга айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Кыгызстанда 8 айда жөө жүргүнчүлөдү сүзүп кетүү фактысы менен коштолгон 1 610 жол кырсыгы катталып, 1 633 жаран ар кандай жаракат алган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен жөө жүргүнчүлөрдүн күнөөсү менен 142 жол кырсыгы катталып, 13 жөө жүргүнчү көз жумган.

Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 5,9 пайызга азайганы менен бүгүнкү күндө дагы эле болсо кооптуу көйгөй болуп калууда.

Ошого байланыштуу ЖКККББ жол кырсыктарына чоң жолдордо туура эмес жерден өткөн жөө жүргүнчүлөр да себеп болуп жаткандыгын эске алып, жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өлкө аймагында 17-сентябрдан 17-октябрга чейин бир айлык "Жөө жүргүнчү" аталышында профилактикалык рейддик иш-чарасын өткөрүүдө.

"Үч күн аралыгында туура эмес жерлерден өткөн 261 жөө жүргүнчүгө 1000 сомдон айып салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий