Кыргызстанда чет элдик 38 жаранга мекен-карт берилди – Эмгек министрлиги

Коом 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда чет элдик 38 жаранга мекен-карт берилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун эң алгачкы жарлыктарынын бири чет өлкөлөрдөгү мекендештерди жана мигранттарды коргоо максатында чыккан.

"Президенттин жарлыгын аткаруу максатында 2023-жылдын июль айынан тарта башка өлкөнүн жарандыгын алган мекендештерге мекен-карт картасы бериле баштаган. Бүгүнкү күндө мекен-картты алгандардын саны 38ге жетти жана ал 10 жылга берилет", - деди министрдин орун басары.

Ошондой эле ал мекен-картты алган биздин мекендештер Кыргыз Республикасынын жарандары кандай укуктарга ээ болсо, алар дагы ошондой эле укуктарга ээ болорун кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий