Кыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалар текшерилет

Коом 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда чет өлкөлүк номурлуу унаалардын баары текшерилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы учурларда Армения, Авхазия, Россия өңдүү чет өлкөдөн Кыргызстандын аймагына унаалардын тетиктери бөлүк-бөлүк болуп кирип, (кыймылдаткычы башка, дөңгөлөктөрү, кузовтору жана башка тетиктери) бул жактан кайра даяр унаа болуп куралып, сатыкка чыккан учурлары аныкталган. Эч кандай чек арадан, бажыдын унаанын өлкөгө киргендиги катталбай туруп, транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөрү чет өлкөдөн жасалып турган.

Мындай фактыларга жол бербөө максатында Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жана ЖКККББнын Издөө бөлүмү өлкөбүздөгү чет өлкөлүк номурлуу унааларды тартипке жана иретке келтирүү максатында Чек-ара кызматы, Бажы кызматы, Салык кызматы жана Унаа мамлекеттик агенттиги менен биргеликте иш-мерчемдер түзүлүп, жакынкы күндөрү рейддик иш-чаралар жүргүзүлөт.

ЖКККББ айдоочуларды жогорудагы фактыларга туш болбоо үчүн чет өлкөлүк номурлуу унааларды сатып алууда сак болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий