• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарды каттоо боюнча жаңы тартип киргизилди

Коом 0

Бишкек, 05.09.24. /Кабар/. Бүгүн, 5-сентябрдан тарта Кыргызстанда визасыз режим менен жүргөн 8 мамлекеттин жарандарына карата жаңы тартип киргизилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин миграция бөлүмүнүн башкы адиси Гүлбарчын Турдубаева билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Кыргызстандын аймагына жеке максаттар үчүн келген чет элдик жарандар үчүн каттоо мөөнөтү жарым жыл болсо, эми 60 күндүк мөөнөттө болмокчу.

“Окуу, иштөө, ишкерлик максаттар менен Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандар үчүн тартиптер мурдагыдай эле өзгөрүүсүз калтырылды. Негизгиси жеке максат менен узак убакытка жашаганы келген 8 мамлекеттин жарандарынын каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин 60 күнгө узартып берүү мүмкүнчүлүгү каралган. Ошол 60 күндүк убакыттын ичинде убактылуу жашоого уруксат документин алуу үчүн арыздарын өткөрүп, кийинки узартуу документтин негизинде 1 жылга чейин узартылат. Ал эми бир жылдан кийин аны 5 жылга чейинки мөөнөттө жыл сайын узартып туруу мүмкүнчүлүк бар”,- дейт Турдубаева.

Эске салсак, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, өлкө аймагына келүүдөгү визасыз режимдеги өлкөлөр менен болгон каттоонун тартибине өзгөртүүлөр киргизилген. Алар төмөнкү өлкөлөр - Россия, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларуси, Грузия, Азербайжан жана Молдова.

Пикир

Оставить комментарий