Кыргызстанда чоң батир жана үй ээлери үчүн жылуулукка тариф көтөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинети жалпы аянты 80 чарчы метрден ашык болгон турак жайлардын ээлери үчүн жылуулукка тарифтерди жогорулатты.

Мындай кыймылсыз мүлктүн ээлери ар бир "ашыкча" чарчы метр үчүн жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде төлөшөт.

Аянты 80 чарчы метрден ашпаган турак жайларга жылуулук үчүн жеңилдетилген төлөм каралган.

Министрлер кабинетинин токтому 2024-жылдын 1-июнунда күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий