• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда чылымды чекенелеп сатууга тыюу салуу сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Кыргызстанда чылымды чекенелеп сатууга тыюу салуу керек. Бул тууралуу журналисттер менен болгон жолугушууда Саламаттыкты сактоо министрлигинин адиси Нургүл Ибраева билдирди.

Анын айтымында, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле бизде да адам өлүмү менен майыптыгынын башкы себеби жугушутуу эмес илдеттер. Ал оорулар чылым чегүүнүн айынан пайда болот.

“Тамекини мектеп окуучусу же студенттер сатып ала албагыдай анын баасы кымбат болушу кажет. Батыш өлкөлөрүндө чылым аябай кымбат болуп, аны колунда барлар гана ала алат. Бирок биздин өлкөдө анын баасы өтө эле арзан. Белгилей кетсем, биздин өлкөдө имараттардын ичинде, бейтапканалардын аймагында, соода борборлорунун кире беришинде, бала отурган унаада тамеки тартууга тыюу салынган. Ошентсе да бул чаралар маселени чечип койгон жок. Ошондуктан чылымга болгон акцизди жогорулатуу керек”, - деди Ибраева.

Пикир

Оставить комментарий