• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстанда COVID-19дун кесепеттерине жооп кайтаруу боюнча долбоор старт алды

Коом 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-мартта Бишкекте Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо (COVID-19га жооп кайтаруу боюнча) долбоорунун расмий бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, мамлекеттик администрациялардын башчылары – райондордун акимдери, аймактык коммерциялык эмес уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар чакырылган.

Иш-чара тиешелүү тараптарга долбоордун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү максатында уюштурулган. Тегерек столдун жүрүшүндө долбоордун өкүлдөрү тарабынан долбоорду ишке ашыруунун механизмдери, грант берүү системасы, мобилизациялык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомчулуктардын дараметин жогорулатуу боюнча иш-чаралар боюнча презентацияларды жасашты.

Белгилей кетсек, жаңы долбоор Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан каржыланып, КРнын министрлер кабинетинин колдоосунда, АРИС тарабынан ишке ашырылат. Каржылоонун жалпы суммасы 17,0 млн доллардытүзөт. Долбоор Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 687 максаттуу айылды камтыйт жана 2022-жылдан 2024-жылга чейин ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий