• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндөр өздөрүн канааттандырарлык сезишүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өткөндөр өздөрүн канаттандырарлык сезишүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 29-апрелде Vero Cell («SinoPharm») вакцинасы менен, ал эми 23-апрелден баштап Гам-КОВИД-Вак («Спутник V») вакцинасы менен эмдөө башталган.

Эмдөөдөн кийинки терс таасирлер жаш курагына жараша:

  • 19-35 жаштагылар 0 25,5%;
  • 36-60 жашка чейинкилер – 57,8%;
  • 60 жаштан жогоркулар – 16,5.

Эмдөөдөн кийинки терс таасирлер жынысына жараша:

  • Эркектер – 25,3%;
  • Аялдар – 74,5%.

Белгилей кетүүчү жагдай, бардык таасирлер алгачкы 1-2 күндө байкалган.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаменти ар бир жаранды түрдүү дары каражаттарына терс реакция болгон учурда маалымдоого чакырат.

Дары-дармектин терс реакциялары жөнүндө маалымат берүү үчүн төмөнкү номерлерге кайрылууга болот:

- Дары-дармек департаментинин түз байланыш линиясы - 0800 800 26 26;

- www.pharm.kg сайтына электрондук карта толтуруу;

- MedSafety мобилдик тиркемеси;

- Электрондук дарек: dlsmi@pharm.kg;

- Факс: 21 05 08.

Пикир

Оставить комментарий