• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 10 адамда коронавирус аныкталды. Жалпы 280

COVID - 19 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 9-апрель саат 08:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 10 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 280 кишиге жетти.

"Жаңы катталган 10 учурдун ичинен Бишкек шаарында - 1, Ош облусунун Ноокат районунда - 1, Ош шаарында - 3, Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда - 4, Аксы районунда - 1 адам бар", - деп кошумчалады ал.

Үстүбүздөгү жылдын 9-апрелине карата Кыргызстанда жалпы тастыкталган 280 учур катталды. Алардын ичинен:

  • Жалал-Абад облусунда – 86,
  • Ош облусунда – 98,
  • Чүй облусунда – 7,
  • Баткен облусунда – 4,
  • Ош шаарын – 36,
  • Бишкек шаарында – 36,
  • Нарын облусунда – 10,
  • Ысык-Көл облусунда – 3 учур бар.

Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 34. Катталган учурлардын ичинен: 147 –аял, 133 – эркек, жаӊы 10 учурдун ичинен 3ө аял, 7си эркек.

Пикир

Оставить комментарий