• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда дагы 11 адамдын анализинен коронавирус табылды. Жалпы 430

COVID - 19 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 14-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 11 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 430 кишиге жетти.

"Жаңы учурлар Бишкек шаарында (8), Чүй облусунда (1) жана Жалал-Абад облусунда (2) катталды. Алардын ичинен 6сы аял, 5и эркек", - дейт ал.

  • 2020-жылдын 14-апрелине карата тастыкталган 430 учурдун ичинен;
  • Жалал-Абад облусунда – 93
  • Ош облусунда – 128
  • Ош ш. – 59
  • Чүй облусунда – 28
  • Бишкек ш. – 77
  • Баткен облусунда – 5
  • Нарын облусунда – 34
  • Ысык-Көл облусунда – 6. Катталган учурлардын ичинен 230 аял, 200 эркек.

Пикир

Оставить комментарий