• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда дагы 133 медикке кенемте төлөнүп берилет – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 20.10.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда дагы 133 медикке кенемте төлөнүп берилет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, министрликке кенемте төлөө боюнча жалпы 1 миң 901 документ келип түштү. "171 медикке кенемте төлөнүп берилди. Алардын 147си 200 миң сом өлчөмүндө каражат алса, 24 медкызматкер каза болуп калганына байланыштуу жакындарына 1 млн сом төлөндү", - дейт ал.

Үсөнбаев 19-октябрда комиссиянын жыйыны болуп, дагы 133 медикке кенемте берилерин белгиледи. "Алардын ичинен 130 медкызматкер ооруп калса, үчөө каза болуп калган", - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий