• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Кыргызстанда дагы 164 адам коронавируска кабылып, бирөө каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 164 адамдан табылды. Бул тууралуу тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалат.

Ага ылайык, Бишкекте – 97, Ош шаары – 4, Чүй облусунда – 51, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 2 жана Нарын облусунда – 2 кишиден илдет табылган.

“Ал эми бир сутка ичинде 88 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бишкекте – 46, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 32, Ысык-Көл облусу – 3, Жалал-Абад облусунда – 4 адам айыкты. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир адам каза болду”, - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 504 бейтап, амбулатордук түрдө 688 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 248 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 197 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 538 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 897 киши айыгып чыкса, 1 миң 500 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий