Кыргызстанда дагы 23 адамда коронавирус табылып, жалпы 2055 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 9-июнь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 23 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 2 миң 55 адамга жетти.

"Бишкек шаарында - 6, Чүй облусунда - 2, Ош шаарында - 4, Ош облусунда - 3, Жалал-Абад облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 4 жана Нарын облусунда - 1 жаңы учур катталды", - деди Үсөнбаев.

Пикир

Оставить комментарий