• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 25 адамда коронавирус табылды. Жалпы 931

COVID - 19 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 9-май саат 11:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 25 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 931 адамга жетти.

"Жаңы учурлар Бишкек шаарында (2), Чүй облусунда (4), Жалал-Абад облусунда (4), Нарын облусунда (11), Баткен облусунда (1) жана Ош облусунда (3), катталды", - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий