• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда дагы 306 адамдан коронавирус жаңы аныкталса, 203ү Бишкекте катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда 21-апрелге карата коронавирус дагы 306 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 203, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 52, Ош облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 16, Нарын облусунда – 4, Жалал-Абад облусунда – 10, Талас облусунда – 1, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 161 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 97, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 44, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 12 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1309 бейтап, амбулатордук түрдө 1390 адам дарыланууда. 911 бейтаптын абалы орто оордукта, 307 адамдын абалы оор жана 52 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 369 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 285 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 92 миң 626 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 87 миң 390 киши айыгып чыкса, 1 миң 561 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий