• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда дагы 42 адамдын анализинен коронавирус табылды. Жалпы 419

COVID - 19 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 13-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 42 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 419 кишиге жетти.

"Жаңы катталган 42 учурдун ичинен Бишкекте – 10, Чүй облусунда – 6, Ош облусунда – 9, Ош шаарында – 5, Жалал-Абад облусунда – 2, Нарын облусунда – 9 жана Баткен облусунда – 1 учур бар. Алардын ичинен 23ү аял, 19у эркек", - дейт ал.

2020-жылдын 13-апрелине карата Кыргызстанда коронавирусун жуктурган жалпы 419 учур катталды. Алардын ичинен:

  • Жалал-Абад облусунда – 91,
  • Ош облусунда – 128,
  • Ош ш. – 59,
  • Чүй облусунда – 27,
  • Бишкек ш. – 69,
  • Баткен облусунда – 5,
  • Нарын облусунда – 34,
  • Ысык-Көл облусунда – 6.

Катталган учурлардын ичинен - 224ү аял, 195и эркек.

Пикир

Оставить комментарий