Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда дем алыш күнү 23 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Чүй облусу — 8;
- Бишкек шаары — 4;
- Жалал-Абад облусу — 4;
- Ош облусу — 3;
- Баткен облусу — 2;
- Ош шаары — 1;
- Нарын облусу — 1.
ӨКМден билдиришкендей, тилсиз жоону өчүрүүгө 23 бөлүм тартылган.
Пикир
Оставить комментарий