• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда дезертирлерге мунапыс жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда “КР Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу амнистия жөнүндө” мыйзамга кол коюлгандыгына байланыштуу аскер кызматкерлери үчүн мунапыс жарыяланды. Бул тууралуу КР Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мыйзам 2024-жылдын 13-февралында күчүнө кирген.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, адамдын жалпы кабыл алынган укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо менен, гуманизмдин жана ырайымдуулуктун принциптерин карманып кабыл алынган мыйзам учурунда аскер кызматынан качкандыгына ырайымдуулук кылуу менен алардын оңолууларына мүмкүнчүлүк берет.

"Жогоруда аталган мыйзамдын 2-беренесине ылайык КР Кылмыш кодексинин “Аскер бөлүктү же кызмат өтөө ордун уруксатсыз таштоо” жана “Дезертирлик” беренелеринде каралган кылмыш ишин жасаган адамдар 2024-жылдын 13-февралынан тартып 13-майын кошуп алган мезгил аралыгында Аскер прокуратурасына же аскердик кызматын өтөгөн жерине өз ыктыяры менен кайтып келишсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, ошону менен, буга чейин укуктук талаанын чегинен чыккан аскер кызматчыларына жашоону таза барактан баштоо, ошондой эле кылмыштык куугунтукка алынуудан коркпостон, аларга карата козголгон кылмыш иштерин токтотуу үчүн Аскер прокуратурасынын органдарына өз ыктыяры менен моюн сунуп келүүлөрү сунушталат.

Кайрылуу үчүн даректер:

1. Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы: Баткен облусу, Баткен шаары, Курманжан-Датка көчөсү, номери жок;
2. Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы: Ош шаары, Петров көчөсү, 33;
3. Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы: Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Эркиндик көчөсү, 2 “б”;
4. Балыкчы гарнизонунун Аскер прокуратурасы: Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Аманбаев көчөсү, 168;
5. Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы: Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 2/1.

Пикир

Оставить комментарий