• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Кыргызстанда диний кырдаалга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы чыкты

Коом 0

Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда диний кырдаалга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы чыкты.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан маалымдашкандай, изилдөөнү Диний кырдаалды изилдөө борбору жүргүзгөн.

Сурамжылоодо кыргызстандыктардын 81,4% өлкөдөгү диний кырдаалды “жакшы” деп белгилешкен.

Диний кырдаалдын абалы тууралуу суроого жарандардын 81,4% “жакшы” (46,2% – “тынч” жана 35,2% – “туруктуу”) деп жооп беришкен. Ал эми 11,7%ы “чыңалуу бар” дсе, 2,2%ы "өтө кооптуу” деп эсептей тургандыгын айтышкан. Респонденттердин 4,7% жооп берүүдөн кыйналган.

Аймактар боюнча эң жогорку оң баа Нарын облусунда – 89,7%. Кырдаалга эң начар баа Бишкек шаарында 71,3%ды түзгөн.

Ошондой эле “Сиздин оюңузча, акыркы 2-3 жылда өлкөдөгү диний чөйрөдөгү абал жакшырдыбы же начарладыбы?” деген суроого респонденттердин 34,5% “олуттуу өзгөрүүлөр бар”, 34,3%ы “анча-мынча өзгөрүүлөр бар” деп айтышкан, 10,5% "өзгөрүү жок" десе, 7,1% "абал начарлап кетти" деген пикирде болушкан.

Жалпысынан сурамжылоого 18 жаштан жогору курактагы 1546 адам катышкан. Сурамжылоо 50дөн ашык суроо берилген.

Белгиленгендей, бул изилдөө 2022-2026-жылдарга карата Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын иш-чаралар планынын алкагында иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий