• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда доллардын курсу 85 сомдон төмөн түштү

Экономика 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын расмий курсун төмөндөтүүнү улантууда.

Регулятор бүгүн, 18-июлга карата 1 доллардын расмий курсун 84 сом 94 тыйын деңгээлинде бекитти, ошентип курс 0,32%га төмөндөдү. Ал эми евро — 92 сом 96 тыйын, рубль — 96 тыйын, тенге — 17 тыйын.

Коммерциялык банктарда доллардын орточо курсу: сатууда — 85 сом 57 тыйынды, сатып алууда — 84 сом 72 тыйынды түзүүдө.

Жылдын башында доллардын курсу дээрлик 90 сомго чейин жеткен.

Белгилей кетсек, Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногунан долларды сатып алуу боюнча 11 интервенция жасады.

Пикир

Оставить комментарий