• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда доллардын курсу эмне үчүн төмөндөп жатат – Улуттук банктын жообу

Экономика 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын расмий курсун төмөндөтүүнү улантууда. Бугүн, 24-июлга карата доллардын курсу 84 сом 36 тыйынды түзүүдө.

Финансылык жөнгө салуучу орган "Кабар" агенттигине өлкөдө доллардын курсунун төмөндөшүнүн себептери боюнча түшүндүрмө берди.

Анын маалыматына ылайык, 2024-жылдын апрелинен тартып Кыргызстандын валюта рыногунда АКШ долларынын курсунун белгилүү бир өзгөрүүсү байкалууда. Бул биринчи кезекте чет өлкө валютасына суроо-талаптын төмөндөшүнө, ошондой эле сезондук факторлорго байланыштуу. Негизги сезондук факторлорго төмөнкүлөр кирет: туризм тармагынан түшкөн кирешелер жана жай мезгилинде бизнес-коомчулуктун активдүүлүгүнүн төмөндөшү.

Белгилей кетсек, КМШнын башка өлкөлөрүндө дагы АКШ долларынын улуттук валюталарга карата алсызданышы боюнча ушундай эле жагдай байкалууда.

Ошентип, 2024-жылдын башынан 23-июлга чейин АКШ долларына карата армян драмы 4,29%га, тажик сомониси 2,65%га, орус рубли 2,10%га жана беларусь рубли 0,71%га өсүп, ошол эле учурда украин гривнасы, грузин лари, молдован лейи жана казак теңгеси алсызданган.

Валюта саясатын жүргүзүүдө Улуттук банк чет өлкө валютасына суроо-талаптын жана сунуштун негизинде алмашуу курсун түзүүнү караган өзгөрүлмө алмашуу курсунун режимин карманат. Демек, финансылык жөнгө салуучу орган валюта курсун болжолдоо менен алектенбейт.

Пикир

Оставить комментарий