Бишкек, 08.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда эми дыйкан-фермерлерге 150 млн сомго чейин арзандатылган насыялар берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин директору Нурланбек Кожогулов радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздүн жылдын 1-январынан тартып, “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоору ишке кирип жатат. Бул долбоор жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен кичи товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү көздөйт.
“Саамалык 5 жылга созулуп, республикалык бюджеттен жана “Айыл Банк”, “Элдик Банк” тарбынан каржыланат. Бирок бул долбоор бир гана айыл чарба коопертивдериндеги дыйкан-фермерлерге арналган. Негизги биз талап кылган шарттардын бири бул айыл чарба кооперативдерин түзүү болуп саналат. Сөзсүз түрдө салык органдарында каттоодон өтүүсү керек. Андан соң алар бизнес-план түзүп, жогоруда айтылган банкка кайрылуулары керек. Мына ушул кооперативдин мүчөлөрү башынан аягына чыгышы үчүн жыйын өткөрүп, протоколго кол коюп, миледеттеме алышат. Себеби, алынган каражатты түзүлгөн бизнес план менен башынан аягына чейин иштеп чыгыш керек. Тактап айтканда, мөөнөтүнөн мурун тарап кетпейбиз деген милдеттенме алат. Мындан сырткары, алынып жаткан каражатка жараша күрөө коюлат”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий