Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге 2,66 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда 31-майга "Айыл чарбасын каржылоо-12" долбоордун алкагында 6 миң 664 айылдык товар өндүрүүчүгө 2 млрд 661 млн 63 миң сом суммасына жеңилдетилген насыя берилген.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде:

  • "Мал чарбачылык" тармагы боюнча 2 млрд 391,15 млн сомго 5 миң 812 субъектке;
  • "Өсүмдүк өстүрүүчүлүк" тармагы боюнча 270 млн 48 миң сом сомго 852 субъектке жеңилдетилген насыя берилди.

Аталган Долбоорду ишке ашырууга "Айыл Банк" жана "РСК Банк" ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5 млрд сом суммасын түзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий