• 86.2
  • 92.86
  • 0.9

Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге 3,9 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. 26-сентябргаа карата "Айыл чарбасын каржылоо-12" долбоорунун алкагынд 9 миң 914 айылдык товар өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыялар берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жалпы 3 млрд 924 млн 484 миң сом насыя берилди.

1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 440 млн 230 миң сомго 1 341 насыя берилди, анын ичинен банктар боюнча алганда:

  • "Айыл Банк" ААК – 216 млн 370 миң сомго 672 насыя;
  • "Элдик Банк" ААК – 223 млн 860 миң сомго 669 насыя.

2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 3 млрд 484 млн 253 миң сомго 8 573 насыя берилди, анын ичинен банктар боюнча алганда:

  • "Айыл Банк" ААК – 1млрд 721 млн 363 миң сомго 4 295 насыя;
  • "Элдик Банк" ААК – 1 млрд 762 млн 890 миң сомго 4 278 насыя.

Пикир

Оставить комментарий