• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстанда дыйкандарды тейлөө борборлору ачылат

Коом 0

Бишкек, 30.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда дыйкандарды тейлөө борборлору ачылат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жакынкы күндөрү Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында пилоттук долбоор ишке киргизилет.

"Калкты тейлөө борборлору бар эмеспи, ошол сыяктуу фермерлерди тейлөө борборлору ачылат. Анткени, азыркы учурда дыйкандар барып маалымат ала турган жер жок. Тейлөө борборлорунда каржылоо, үрөн, селекциялоо, техника, кайсы дары-дармектерди колдонсо болот, жер семирткич жана башка дыйкандарга тиешелүү бардык маалыматтар берилет", — деди Төрөбаев.

Пикир

Оставить комментарий